Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкка 2 млн 700 миң сом сарпталат
Бишкек шаарынын мэриясы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгын белгилөөгө даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу Бишкек мериясынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Жылдагыдай «Ала-Тоо» аянтынын «Илбирс» имаратынын сыртына майрамдык баннерлер илинип, жасалгалоо иштери жыйынтыкталды.
Чүй жана Манас проспектилери, Чүй проспектиси жана Абдрахманов көчөсүнүн, Манас проспектиси жана Ахунбаев көчөсүнүн кесилиштерине КАФтар орнотулду.
«Ала-Тоо» борбордук аянтын, агропром, улуттук филармониянын имараттарын ак-көк түстөгү желектер кооздойт, Манас проспектиси Жибек Жолу проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейин, Чүй проспектиси боюнча Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин ачык түстөгү желектер илинди.
31-августта аянтта медициналык тез жардам кызматынын унаасы жана бир өрт өчүрүү унаасы болот. Коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында Бишкек шаарынын ИИББнын жеке курамы тартылган.
Жалпысынан шаардык жасалгалоо иштерине, иш-чараларга жана фейерверкке 2 миллион 700 миң сом каралган.
Ссылка: https://barometr.kg/borbordo-egemendlk-knn-dayardyktar-zhrgzld
Добавить комментарий ×