Боомдо кайрадан сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылды
Боом капчыгайында сел жүрүп жол кыймылы кайрадан жабылды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, бүгүн, 5-август күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагындагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаажолунун 134,135-чакырымында, Боом капчыгайында жаан-чачындан пайда болгон селдин кесепетинен көчкү түшүп, жолдун эки багытын жаап калган.
"Учурда көчкүнү тазалоо иштерине баардык керектелүүчү техника каражаттары тартылып, жолдун кыймылдуу бөлүгүн тазалоо иштери эки тарабынан тең кызуу жүрүүдө.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаажолунун Боом капчыгайы аркылуу баардык унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилип, жеринде түшүндүрүү иштери жүрүзүлүүдө. Жол тазалоо мекемесинин кызматкерлери көчкүнү тазалап, жолдун кыймылдуу бөлүгүн тазалап жетишпей жатышкандыгын жана түшкөн көчкүнүн көлөмү көп экендигин билдиришүүдө", -деп айтылат маалыматта.
ЖКККББнын кызматкерлери, айдоочуларды жол кыймылынын убактылуу чектөөсүнө түшүнүү менен мамиле кылып, алыскы сапарларды алдын ала пландаштырууга чакырат.
Ссылка: https://barometr.kg/boomdo-kajradan-sel-zhrp-zhol-eki-taraptuu-zhabyldy
Добавить комментарий ×