Болот Шер каза болду

21 июня 2020 14:19 5810 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте экс-депутат Болот Шер каза болду. Бул тууралуу анын бир тууганы депутат Садык Шер-Нияз кабарлады.

"Баатырыбыз дагы, асылыбыз дагы Бокемден айрылып калдык...
Коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Чоң Капка айылында 23-июнда саат 11 де өтөт", - деп жазды Садык Шер-Нияз.

Болот Шер 12 июнда инсульт кармап Улуттук ооруканага жеткирилген. Абалы орточо оор деп бааланып комага түшкөн болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/bolot-sherniyazov-kaza-boldu



Добавить комментарий