Болгар калемпиринин пайдалуу жактарын билесизби?

9 марта 2022 10:45 3442 Barometr
Поделиться в:
ok

Күнүгө 40 грамм жеген болгар калемпири С витамининин күнүмдүк нормасын толтурат. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Бул витамин жүрөк кан-тамыр ооруларын алдын алат. Ошондой эле чачтын жана тырмактын өсүшүнө өбөлгө болот. 

Көздүн көрүүсүн күнүгө бир чакан келмпир жеп туруу менен жашыртса болот. 

Төмөнкү ооруларда болгар калемпири дарыланууну тездетип көмөк берет. Бирок албетте дарыгердин  көрсөтмөсү жок аны колдонуу туура эмес.

  • депрессия;
  • кант диабет;
  • буту колдун шишип туруусу;
  • дерматит;
  • борбордук нерв системаларынын оорулары;
  • күч кубаттын жок болушу;
  • тери, тырмак жана чачка байланышкан оорулар;
  • иммунитеттин төмөн болушу;
  • остеопороз;
  • табиттин жоктугу;
  • анемия;
  • кандын бат коюланып кетиши;
  • ичтин көбүшү.

Болгар калемпирин өзүн колдонуу же аны салатка кошуу дагы пайдалуу.

Болгар калемпирин кайсы учурда колдонууга болбойт? 

Болгар калемпирин төмөнкү оорулар болгон кезде колдонууга болбойт.

  • жүрөктүн ишемикалык ооруларында
  • ашказан жарасында
  • гипертония;
  • боордун жана бөйрөктүн ооруларында;

Ссылка: https://barometr.kg/bolgar-kalempirinin-pajdaluu-zhaktaryn-bilesizbi



Добавить комментарий