Боксчу Дүйнөлүк чемпионаттагы беттештен оор жаракат алып, каза болду

28 апреля 2021 10:07 8102 Barometr
Поделиться в:
ok

Иорданиялык мушкер Рашид Аль-Свайсат Польшанын Кельце шаарында өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугундагы беттештен он күндөн кийин көз жумду. Бул тууралуу Эл аралык бокс ассоциациясынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

16-апрелде Аль-Свайсат 81 килограммга чейинки салмак ченинде Эстония курама командасынын өкүлү Антон Виноградов менен беттешке чыккан. Иорданиялык мушкер эки раунддан кийин атаандашына нокаут менен утулуп калган.

Дарыгерлер 19 жаштагы спортчуну рингде өзүнө келтирүүгө аракет кылышкан. Ага биринчи жардам көрсөтүп, андан соң, Аль-Свайсат ооруканага жеткирилген. Ага мээсине оор сокку келтирилгендиги үчүн операция жасалган. Дарыгерлердин жасаган аракети текке кетип, 26-апрелде спортчу көз жумган.

Учурда, Польша полициясы окуяны иликтеп жатат. Ал эми, Аль-Свайсат мушташ учурунда оор жаракат алганы же ден-соолугуна байланыштуу мурда эле көйгөйлөр бар-жогу азырынча белгисиз.

"Дүйнөлүк чемпионаттын турниринен кийин 16-апрелде ооруканага түшкөн Иорданиялык Рашид Аль-Свайсаттын каза болгондугун терең кайгыруу менен кабыл алдык. Биз анын үй-бүлөсү, достору жана командалаштарына чын жүрөктөн көңүл айтабыз", - деп айтылат Эл аралык бокс ассоциациясынын билдирүүсүндө.


Ссылка: https://barometr.kg/bokschu-djnlk-chempionattagy-betteshten-oor-zharakat-alyp-kaza-boldu



Добавить комментарий