Видео. Бокс. Дүйнө чемпионаты: Мунарбек Сейитбек уулу Беларус мушкерин утуп алды
Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешин жеңди.
Бул тууралуу жеринен Кыргызстан улуттук курамасынын машыктыруучулар кеңешинин мүчөсү Шайлообек Атазов “barometr.kg” сайтына билдирди
57 кг самакта Мунарбек Беларус мушкери Николай Шах менен мелдештин 1/32 финалдык этабында кезикти.
Шайлообек Атазов Мунарбек колунун узунду жана физикалык артыкчылыгы менен үстөмдүк кылганын белгилейт.
“Биринчи раундда жеңилгени менен экинчи, үчүнчү раундда демилгени колго алып, түз, жана капталдан бир катар таамай соккуларды тийгизди. Үчүнчү бөлүктө Мунарбек оң колдоп урган каршы соккулары менен таамай тийип, толук артыкчылык көрсөттү. Бул калыстар тарабынан туура бааланды”, - деди Шайлообек Атазов.
Эске сала кетсек, кечээ 81 кило салмакта таймашып жаткан мушкерибиз Эркин Адылбек уулу мелдешти жеңиш менен баштаган. 1/32 финалдык этапта ал ирландиялык Кейн Такерди утуп алган.
Бокс боюнча мааракелик XXV дүйнө чемпионаты Орусиянын Екатеринбург шаарында өтүп жатат. Анда дүйнөнүн 76 өлкөсүнөн келген 450дөй мушкер күч сынашууда.
Ссылка: https://barometr.kg/boks-djn-chempionaty-munarbek-sejitbek-uulu-belarus-mushkerin-utup-aldy
Добавить комментарий ×