Бокс боюнча дүйнө чемпиону Флойд Мейвезер Хабиб Нурмагомедовдун күч сынашууга чакырган чакырыгын кабыл алды
Бокс боюнча дүйнө чемпиону Флойд Мейвезер Хабиб Нурмагомедовдун күч сынашууга чакырган чакырыгын кабыл алды. Бул тууралуу боксчу Мейвезер инстаграмдагы жеке баракчасына:
"CBS, Showtime жана MGM Grand даярдангыла! Леонарда Эллербинин (Mayweather Promotions башчысы) баракчасына кирип Хабиб Нурмагомедовдун мага чакыруусун көрсөңөр болот. Келгиле, дагы бир жолу Лас-Вегасты дүнгүрөтөлү!" — деп жазды.
Мындан эки күн мурун Хабиб Нурмагомедов Флойд Мейвезерге чакырык жасап, токойду башкарган бир эле арстан болуш керектигин айтып, экөөбүз тең эч кимден женилип көргөн эмес экенбиз, кел беттешели деген.
Нурмагомедов - UFC'нин жеңил салмактагы учурдагы чемпиону. Мейвезер – бокс боюнча беш салмак категориясындагы дүйнөнүн мурдагы чемпиону. Ал карьерасында 50 беттеш өткөрүп бир дагы жеңилүү ызасын тарткан эмес.
Мейвезер менен Макгрегор 2017-жылдын августунда беттешкен. Анда алар бокс эрежелери менен таймашкан. Мейвезер техникалык нокаут менен утуп, бул анын акыркы мушташы экенин жарыялаган.
Добавить комментарий ×