Бойдок аялдар үй-бүлөлүү эркектер менен эмнеге жүрүп кетишет?

29 ноября 2019 15:15 19840 Barometr
Поделиться в:
ok

Кээ бир айымдардын аялы бар эркектер менен ашыктык романын башынан өткөрүп жүргөндүгү эч кимге деле жашыруун эмес. Көзгө чөп салуунун мындай түрү жан дүйнөгө катуу сокку болуп, оор тийет. Көп учурларда сезими таза аялзаттары өздөрүнө суроо беришет: эмне үчүн кимдир бирөө менин никемди бузгусу келип жатат? Менин үй-бүлөмө ачыктан-ачык эле кол салган бул кандай аял?

Сөзсүз түрдө аялы бар эркек дагы туруксуздукта күнөөлүү, бирок белгилей кетчү жагдай көңүлдөштөрдүн окшош жактары да болушу мүмкүн. Аларга  көрөлү:

Өзүн-өзү баалоо

Кээ бир айымдар аялы бар эркектердин көңүл бурганын ийгилик катары эсептеп аны менен сыймыктанышат. Бул кадамы менен өзүнүн төмөн сезимдерин жогорулатып, ичинде ишеними пайда болот. Мындай болбогон күндө да өзүнө-өзү ыраазы болуп,кээде өзүн бактылуу сезет. Бул эң башкы өзүн алдоо болуп эсептелет. Бир караганда мындай айымдар ишеничтүү жана көз карандысыз көрүнгөнү менен чындыгында аны коркуу сезими жана коргоосуздугу башкарып турат.

Бийлик

Аялы бар эркектер менен көңүл ачкан айымдар анын үстүндө өзгөчө бийликке ээ. Ал аялы, баласы эркекти башкарып алышы мүмкүн. Бул бийлик чыңалып отуруп,көңүлдөшүнүн таасирин гана жогорулатат. Ал ашыгынын мындай чындыкты ачыкка чыгарбашын эң жакшы түшүнүп,абалды толугу менен көзөмөлгө алат. Бирок, бир нерсени унутпоо керек. Бардык бийлик – эртели кеч аяктай турган жомоктогудай күчкө ээ болот.Дүйнөдө түбөлүктүү эч нерсе жок.

Далу ушундай түрдөгү мамилени каалоо

Кээ бир айымдардын аялы бар эркектер менен ашыктык роман жашашынын дагы бир себеби мындай мамилеге аларды толугу менен ыраазы болушу... Бул аялдар нике жана үй-бүлөгө шашылбайт. Аялы бар эркектин дагы мындай талабы жок. Алар үй-бүлөсү болгондугу үчүн мамилелеринде кандайдыр бир милдеттери болбойт.

Адреналин

Бул акылсыздык болгону менен окуянын мындай өнүгүшү кандайдыр бир адреналин булагына окшоп кетет. Кол жеткис нерсе жана арзуу дагы кызыктуу фактор болуп саналат. Жашыруун нерселер адамды тартып турат. Мындай ичине сыр катып жүрүү кээ бир аялдарга бангизат саяктуу багымдуулук жаратат.

Финансылык камсыздоо

Олуттуу үйлөнгөн эркек адатта финансылык жактан камсызданган болот. Анын үй-бүлөсүн багып алчу дагы иши бар. Ошондуктан ашыктык жүргүзгөн аялга финансылык жактан жакшы камсыздап турат. Ал кээ бир бойдок эркектерден айырмаланып ушундай мүмкүнчүлүктөрү бар. Мындай байгерчилик жашоодо келечектеги милдеттери да болбойт.


Ссылка: https://barometr.kg/bojdok-ayaldar-j-bll-erkekter-menen-emnege-ojnoshtuk-kylyshat



Добавить комментарий