Богок оорусунун белгилери
Богок бул-калкан безинин чоңоюп шишип кетүүсү. Богок оорусуна кабылган адамда, калкан безинин иштөө функциясы бузулуп, организмде гармоналдык бузулуу пайда болот. Аталган оору бир гана чыгармачыл адамдар гана эмес, бардык адамдардан кездештирүүгө болот. Анын себептери: Тукум куучулук, инфекция, психикалык оорулар, чарчоо, депрессия жана жыныс бездеринин функциясынын бузулуусу. Муну менен бирге убагында уктабай, туура тамактанбоо дагы богок оорусун пайда кылат.
Богок оорусуна кабылган адамдарда: Эс тутуму начарлайт, чачы түшөт, салмак кошуп же тетирисинче арыктап, кебетеси кубара баштайт. Организмге йод жетишпегендиктен улам, тахикардия пайда болуп, колу титирейт.
Богоктун түрлөрү
1.Калканча бези көрүнбөйт, кармаганда да билинбейт
2.Калканча бези көрүнбөйт, бирок кармаганда билинет
3.Калканча бези жутунганда көрүнүп турат
Эркектерге караганда аялдар бул ооруга көп чалдыгат. Организмге йод 90 пайыз тамак-аш аркылуу келет. Йод айрыкча, апельсин, лимон, банан, коон, жүзүм, ананас, кулпунай, алма жана курманын курамында көп болот.
Адам баласы күнүнө жок дегенде организмин 150 грамм йод менен камсыз кылып туруусу керек. Аларды сиз: Балыктан, деңиз азыктарынан, сүт, жумуртка, сарымсак, чалкан, кызылча жана сабизден ала аласыз.
Ссылка: https://barometr.kg/bogok-oorusunun-belgileri
Добавить комментарий ×