Блогер видеосуна жазылган терс пикир үчүн аялын сабады

1 июня 2019 10:57 2566 Barometr
Поделиться в:
ok

Японияда блогерлердин бири видеоролигине терс пикирден улам аялын катуу жазалаганын Лента.ру сайты жазды.

44 жаштагы япониялык бул үчүн сот алдында жооп берди. Анын айтымында аялы фейк аккаунт ачып, видеоролигинин алдына көңүлгө тийген “жинди” жана “такыр баш” деген жазууларды калтырган. Ошондой эле аялы өзү эле жазып тим болбой, жакындарынан, досторунан жаман пикирлерди жазууну суранганын кошумчалаган.

Ушундай кылыгы үчүн аялын скотч менен байлап, башка чапкылаган.

Аял алган олуттуу жарат бир айда айыкты. Ачууга алдырган блогер үч жылга эркинен ажырашы мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/bloger-videosuna-zhazylgan-ters-pikir-chn-ayalyn-sabady



Добавить комментарий