Бөлмөнүн абасын канчалык тез желдетип турасыз?

11 февраля 2019 01:40 3806 Barometr
Поделиться в:
ok

Бөлмөнү же кеңсени күндө желдетип туруш керекпи жана кайсы убакта желдеткен туура?  Бул тууралуу иммунологтордун айткан кеңешине көңүл бурсак.

Иммунологтордун  айтуусу боюнча, бөлмөнү милдеттүү түрдө желдетип туруш керек.

Биринчиден кышында үйдү жылытканга байланыштуу бөлмөнүн абасы кургап кетет. Ал эми андай аба терини жана мурундун былжыр кабыгын кургатып жиберет. Андан улам ал өз кызматын аткарууну токтотот. Ал учурда мурундан кан кете баштайт, ал эми былжыр вирустар менен бактерияларга каршы тура албай, адам гриппке тез кабылып калат. Ошондой эле, дарыгерлер абаны желдетүүдөн бөлөк, аба нымдаштыруучу куралды да колдонууга кеңеш беришет.

Экинчиден, үйдөгү абадагы вирустар менен бактериялар концентрациясын төмөндөтүү үчүн желдетип туруш керек.

Эгер үйдө бирөө ооруп калса, анын бөлмөсүн,  эң жакшысы бүт үйдү желдетүү. Бул үйдөгү башка адамдардын инфекция жуктуруп алуу коркунучун алдын алат. Керек болсо, үйдө эч ким оорубаса да, оорунун алдын алуу үчүн терезелерди ачып, бөлмөнү желдетип турган жөн. Себеби, үй-бүлө мүчөлөрү жумушта, мектепте, бала бакчада бөтөн адамдар менен карым-катнаш жасагандыктан, үйгө вирус жуктуруп келиши мүмкүн. Ошентип, алар  вирустарды өздөрү ташышы ыктымал.

Иммунологтордун сөзүнө таянсак, үйдү эртең менен гана эмес, ошондой эле күндүз да желдетип туруш керек.

Дарыгерлердин айтуусу боюнча, бөлмөдө ар дайым аба айланып туруусу зарыл. Эгер кышында терезелер  ачык турган бөлмөдө отуруу кыйын болсо, аны бир аз убакыт ачып, бөлмөдөн чыга турсаңыз болот.

Ссылка: https://barometr.kg/blmnn-abasyn-kanchalyk-tez-zheldetip-turasyz



Добавить комментарий