Банан, аспирин, сүт. Бөлмө гүлдөрүнө кандай азыктар пайдалуу?
Үйүбүздөгү өсүп жаткан гүлдөргө жер семирткич өзүбүз жасап, гүлдөп көпкө сакталышына шарт түзсөк болот. "Барометр" пайдалуу кеңештерди сунуштайт.
Банандын кабыгы – аны кургатып, майдалап, ал порошоктон бир стакан сууга бир чай кашык кошуп, жумасына бир жолу гулдөрүңүздү сугарсаңыз болот. Же болбосо майдалап, кургатып отурбастан, бүтүн бойдон эле кабыгын сууга чылап коюп, жумасына бир жолу сугарыңыз. Ошондой эле аны гүлдү отургузуу, которуу учурунда топурагына аралаштырып жиберсе да пайдалуу. Анын курамындагы калий гүлүңүз өз убагында гүлдөшүн шарттап, жакшы экологиялык кошулма болуп берет.
Жуулган күрүчтүн суусу – күрүчтү жууп эле суусун төгүп салчу белеңиз? Эми биле жүрүңүз, күрүч жуулгандан кийинки суу бөлмө гүлдөрүнө жакшы азыктандыргыч. Алардын гүлдөшүнө, гүлдөп көпкө сакталышына жардам берет.
Сүт – бир чай кашык сүттү 1 литр сууга аралаштырып, бөлмө гүлдөрүңүздү сугарсаңыз, зыянкечтерден жана оорудан сактоого жардам берет.
Газдалган суу – муну айына 1-2 жолу колдонуңуз. Гүлдүн топурагынын үстү агарып калган учурда жакшы жардамчы.
Аспирин – кадимки дарыканаларда сатылган аспирин дарысынын 1 таблеткасын 1 литр сууга эзип, гүлдөргө чачып турсаңыз, бөлмө гүлдөрү иммунитетин жакшы кармайт.
Кумшекер
Кумшекердин курамындагы глюкоза гүлдүн дем алуусу, азык-заттардын сиңиши үчүн энергия булагы болуп берет. Мындан тышкары глюкоза татаал органикалык молекулалардын пайда болушун шарттайт. Бир литр сууга бир аш кашык шекер салып, караңгы жерге 1 күн коё турасыз да, айына 2-3 жолу гана гүлдөрүңүздү сугарасыз. Буга кошумча Байкал ЭМ-1 микробиологиялык жер семирткичин колдонсоңуз пайдасы көбүрөөк болот.
Ссылка: https://barometr.kg/blm-gldrn-gldp-kpk-saktalyshyna-emne-zhardam-beret
Добавить комментарий ×