Бишкектин жүргүнчү ташыган ишканасы банкрот болуу алдында турат
Бишкектин жүргүнчү автотранспорттук ишканасы банкрот болуу абалында турат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин турак-жай коммуналдык чарбасы, отун энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында экс-вице-мэр Русланбек Акылбеков билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Анын айтымында, 2008-2009-жылдарда Социалдык фонд ишканага унаа сатып алыш үчүн 7 пайыздык жылдык үстөк менен 200 миллион сом бөлүп берген.
“Бул сумма муниципалдык бюджеттен төгүлдү.Бирок Бишкектин жүргүнчү автотранспорттук ишканасы аталган насыя үчүн шаарга 214 миллион сом карыз”,-деп белгиледи Акылбеков.
Мындан тышкары ал ишкананын 102 миллион сомдук дебитордук карызы бар экенин кошумчалоо менен ишкана банкрот болуу алдында экенин айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-zhrgnch-tashygan-ishkanasy-bankrot-boluu-aldynda-turat
Добавить комментарий ×