Бишкектин туулган күнүндө өтө турган спорттук оюндардын жалпы байгеси 700 миң сомду түзөт
Борбор калаанын туулган күнүнүн урматына чоң жылдыздар коштогон концерт жана бир канча ат оюндары өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.
26-28-апрель күндөрү "Ак-Кула" ипподромунда көк бөрү кубогу жана ат оюндары боюнча мелдеш өтөт. Өткөрүлгөн оюндар Бишкек шаарынын 141 жылдыгына арналмакчы.
Мелдешке Чүй облусунун жана Бишкектин 8 командасы катышат. Алар:
«Көк-Жал» (Бишкек);
«Четинди» (Бишкек);
«Келечек» (Бишкек);
«Бишкек» (Бишкек);
«Төш-Булак» (Чүй облусу);
«Кара-Балта» (Чүй облусу);
«Келечек-Суусамыр» (Чүй облусу);
«Ак-Жол» (Чүй облусу).
Ал эми жеңүүчүлөргө каралган байгенин жалпы суммасы 700 миң сом:
Ат чабыш (Аламан байге)
1-орун – 300 миң сом;
2-орун – 80 миң сом;
3-орун – 60 миң сом;
4-орун – 50 миң сом;
5-орун – 40 миң сом;
6-орун - 30 миң сом;
7-миң - 20 миң сом.
Жорго салыш
1-орун – 250 миң сом;
2-орун – 100 миң сом;
3-орун – 60 миң сом;
4-орун – 40 миң сом;
5-орун – 20 миң сом.
Кунан чабыш
1-орун – 90 миң сом;
2-орун – 50 миң сом;
3-орун – 30 миң сом;
4-орун – 20 миң сом;
5-орун – 10 миң сом.
Көк-бөрү
1-орун – 350 миң сом;
2-орун – 200 миң сом;
3-орун – 100 миң сом;
4-орун – 50 миң сом.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-tuulgan-knnd-t-turgan-sporttuk-oyundardyn-zhalpy-bajgesi-700-000-som
Добавить комментарий ×