Бишкектин тургуну менен жулмалашып мурдун сындырган юристке карата өкүм чыкты

13 май 2019 11:30 3878 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Абдыбек аттуу жаранга байланыштуу (аты өзгөртүлүп берилди, А.А.А.) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды.

Буга чейин райондук сот жазык мыйзамынын негизинде анын зыян келтирген иш-аракеттерин мыйзамдуу деп таап, актаган болчу.

Абдыбектин айтуусунда, жабырлануучунун ага карата мамилеси жакшы эмес болгон, анткени өзү К.Г.аттуу адамдын батир ээси, жоопкер И.В. карата берилген арызын сотто кароо учурунда АКБ ЖАКтын өкүлү катары сотко катышкан. Аталган жарандык ишти кароо учурунда Анвар аны коркутуп-үркүтүп, жаман сөздөрдү айткан.

Тагыраагы, 2016-жылдын 24-майында саат 12:30дар чамасында досу менен «Ожак Кебаб» кафесине келе жатышканда Анвар автоунаа менен келип, унаанын айнегин түшүрүп, жаман сөздөр менен сөгө баштаган. Сүйлөшүү үчүн анын жанына барганда Анвар автоунаадан чыгып, аны биринчи көзгө муштап жиберген. Экөө жулмалашып кетишип, Анварды бетке урганга үлгүргөн, андан соң Анвар аны басып жыгылып, сабап баштаган. Бул учурда аларды Абдыбектин досу жана жабырлануучунун апасы ажыратышкан. Ошондой эле ал Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырууну суранды.

Ал эми жабырлануучунун айтуусунда, ал күнү Москва көчөсүнүн жана Эркиндик бульварынын кесилишинде АКБ ЖАК юристи Абдыбек аны себепсиз эле уруп-сабап, денесине залал келтирүү менен мурдун сындырган жана андан соң кетип калган. Натыйжада ал ооруканага жатып чыккан. Денесине болгон залал төмөндөгүдөй мүнөздөлгөн: мээнин чайкалуусу, мурун сынган, сол жак жаагында жана эки тизесинде көк алалар болгон.

Жыйынтыгында соттук коллегия Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-turgunu-menen-zhulmalashyp-murdun-syndyrgan-yuristke-karata-km-chykty



Добавить комментарий