Бишкектин түштүк тарабын дезинфекциялоо үчүн дагы карантиндик чектөө киргизилди. Карта

2 апреля 2020 12:26 1356 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаңы кошулган аймактарга жарандардын жана унаалардын өтүүсүнө тыюу салынат. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Чектөөгө алынган көчөлөр:

• Ахунбаев көчөсүнүн Бакаевден Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;

• Сүйөркулов–Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн магистралга чейинки бөлүгү;

• Масалиев көчөсүнөн баштап Байтик баатыр көчөсүнүн түндүк тарабы;

• Масалиев көчөсүнөн баштап Малдыбаевдин түндүк тарабы;

• Масалиев көчөсүнөн баштап Токтоналиевдин түндүк тарабы;

• Масалиевден баштап Чыңгыз Айтматов проспектинин түндүк тарабы;

• Бакаев көчөсүнөн баштап Ахунбаевдин чыгыш тарабы.

Мындай чектөөлөр аталган аймактарды дезинфекциялоо үчүн киргизилип жатат. Буга чейин чектөөгө алынган Бишкектин борбордук бөлүгүнда дагы дезинфекция иштери улантылат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-tshtk-tarabyn-dezinfekciyaloo-chn-dagy-karantindik-chekt-kirgizildi



Добавить комментарий