Бишкектин казысы болуп Замир Ракиев дайындалды (Сүрөт)

10 августа 2020 17:34 977 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Максатбек ажы Токтомушев кол койду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып «Барометр» билдирет.

“Азирети Муфтий Бишкек шаардык казыятынын жалпы эмгек жамааты менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү жоопкерчиликтүү экендигин баса белгилеп, жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мусулмандар казысынын ишине ийгилик каалады”, - деп айтылат маалыматта.

Замир каары Ракиев 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор района караштуу Шамшы айылында төрөлгөн.

2007-2008-жж Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде мугалим.

2008 -2010-жж Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде директор.

2010 – 2011-жж Нарын облусунун казысы.

2011 -2016-жж Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары.

2016- 2017-жж Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы.

2017-жылдын май айынан тарта Азирети муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген.

Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын атасы.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-kazysy-bolup-zamir-kaary-rakiev-dajyndaldy-srt



Добавить комментарий