Бишкектин четинде эки жеңил унаа кагышып, бир аял киши мерт кетти

3 ноября 2018 11:35 1027 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бишкектин четиндеги ГЭС-5 айылындагы айланма жолдо эки жеңил унаа кагышып, бир адам каза болуп, экөө оор жаракаттарды алышты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, 2018-жылдын  2-ноябрь күнү саат 08:35 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт  унаа жолунун 11-чакырымында (ГЭС-5 айылы) “Фольксваген-Гольф” үлгүсүндөгү унаа менен “Фольксваген-Жетта” үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен 50-60 жаштагы  аял каза болуп 2 эркек киши жабыркаган.  Куткаруучулар унаада кыпчылып каза болгон аялдын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандарды медициналык тез жардам кызматы алып кеткен. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-chetinde-eki-zheil-unaa-kagyshyp-bir-ayal-kishi-mert-ketti



Добавить комментарий