Бишкектин борборундагы баткак көчөлөрү. Буга мэрия эмне дейт?
Бишкектеги мектептердин айланасы баткак, кир жана унааларды каалагандай токтото бергенге окуучулар баса турган жери жок, мектепке чейин айланып өтүп жатышат. Мындай пикирин Нина Руденко аттуу Фейсбук колдонуучу видеого тартып, кир болгон шаарыбыздын көчөлөрүнө нааразы болгонун билдирип чыкты.
"Аламедин-1 кичи районунда жайгашкан №38 мектептин айланасын унаа токтотуучу жайга айландырып алышкан. Тегереги баткак, кир. Окуучулар күндө ошол көчө менен тегеренип, баткакты басып өтүшөт. Шаарыбыздын ушундай абалына ичим ачышат"-деп жазган ал өз баракчасына.
Бул маселе боюнча Бишкек шаардык мэриясынын Свердлов районуна караштуу муниципалдык администрациясынын башчысы Самарбек Болотбековго байланышып, шаар ичиндеги баткак көчөлөр жана баш аламан коюлган унаа жайларды жөнгө салуу боюнча байланыштык.
"Бул маселе боюнча мага жеке кат түрүндө да кайрылуулар келет. Баарына жооп бергем. Баш аламан коюлган унаа токтотуучу жайларды иретке келтирүү боюнча иштеп жатабыз. Бул маселе тууралуу тапшырмалар берилди. Ал эми шаар ичиндеги көчөлөр четинен жасалып жатат. Алдыңкы пландарда, тактап айтканда эки жыл ичинде шаар ичиндеги майда көчөлөрдү асфальттап баштайбыз. Аллеялар салынууда"-деп жооп берди.
Эске салсак, бир гана Аламедин-1 кичи району эмес, шаардын борбордук бөлүгүндөгү, мисалы Жибек-Жолу менен Төрөкул Айтматов көчөсүнүн кесилишиндеги кичинекей көчө канча жылдан бери баткак болуп турат. Ал жерден окуучулар күндө мектепке катташат. Ал эми Осмонкулова көчөсү менен барууга жөө адамдар басчу тратуар жок болгондуктан, кишилер баткак көчөлөр менен басууга аргасыз.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-borborundagy-batkak-kchlr-buga-meriya-emne-dejt
Добавить комментарий ×