Бишкектин базарларында ВИЧ оорусуна карата текшерүү болуп, 4 саатта 5 оорулуу табылды

24 мая 2019 16:50 2240 Barometr
Поделиться в:
ok

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Айбар Султангазиев Бишкекте ВИЧке карата текшерүү болгондугун Barometr.kg билдирди. Анын айтуусунда, текшерүү базарлардагы калктын арасында жүргүзүлүп, 4 сааттын ичинде 5 оорулуу аныкталган.

ВИЧке болгон текшерүү бүгүн, 24 - майда, Бишкектин чоң базарларында - Ош, Аламүдүн жана Орто-Сай базарларында жүргөн. Атайын машиналарда бардык каалоочулардан анализ алынып, жыйынтыгы 15-20 мүнөттөн соң белгилүү болгон.

Иш-чара ВИЧ СПИД оорусунан каза болгондордун күнүнө арналып, Республикалык «СПИД» борборунун көзөмөлүндө өткөн.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-bazarlarynda-vich-oorusuna-karata-teksher-bolup-4-saatta-5-ooruluu-tabyldy



Добавить комментарий