Бишкектин 65 жаштагы тургуну дайынсыз болуп изделүүдө

16 августа 2022 12:23 902 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын 65 жаштагы тургуну дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБнин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, 5-августь күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына борбор калаанын тургуну кайрылып 65 жаштагы эжеси Мамеркулова Бейшегүл Турсунбаевнаны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кат жүзүндө кайрылган. 

"Ал 3-август күнү саат 14:00 чамасында Чүй проспектиси менен М.Гвардиянын кесилишинде жайгашкан үйдөн чыгып кетип, үйүнө кайтып келген эмес. Бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз жоголгон аялдын кайда экени белгисиз.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин районунун элнктрондук журналына катталган", -деп айтылат маалыматта.

Белгилери: бою болжол менен 152-155 см, орто дене түзүлүштө, чачы кара-боз, коюу кара каштуу. 

Кийген кийими: жашыл көйнөк, бутунда кара сандал. 

Айырмалоочу белгилери: ичкиликти көп ичип, кайырчылык кылат.

Урматтуу жарандар! Мамеркулова Бейшегүл Турсунбаевнанын жүргөн жерин аныктоого жардам бере турган кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондорго кайрылып коюушуңуздарды милиция өтүнөт: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444-457, 0 (312) 352-632, 0 (553) ) 102 -880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (755) 579-580 жана 102.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-65-zhashtagy-turgunu-dajynsyz-bolup-izdeld



Добавить комментарий