Бишкектиктер бир аптадан кийин коомдук транспорттордо электрондук билет менен катташат
20-сентябрдан баштап, Бишкектеги 10 - троллейбус менен автобустарда жүргүнчүлѳр электрондук билеттер менен катташат. Бул шаардык бийликтин пилоттук иш чарасы. Бул тууралуу шаардык бийликтен кабарлашты
Алгач мектеп окуучуларына өзүнүн аты-жөнү жазылган карталар берилет.
"Чоң адамдар 20-сентябрдан тарта бул кызматты колдоно баштаса, окуучуларга электрондук билет октябрь, ноябрь айларында берилет. Ал эми 2020-жылдын февраль айынан тарта маршрутук каттамдарда дагы ушул система иштей баштайт", — деп айтылат маалыматта.
Белгиленген тариф боюнча мектеп окуучуларына берилчү электрондук билеттин бир айлык баасы 175 сом. Ал эми картаныкы 50 сом. Эгерде карта жоголуп же жараксыз болуп калса эски картаны жокко чыгарып, жаңысын алууга болот.
Андыктан Бишкек мэриясы ата-энелерди балдардын маалыматтарын топтоп жатканда ага түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
Катоонун жолдору:
1. 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт (смартфонго деле тартса болот. Башкысы сүрөт сапаттуу жана аркы фону ак болушу зарыл).
2. Сүрөттү сактаганда ылдый жагына окуучунун аты-жөнүн, туулган жылын жана окуган мектебин жазуу керек.
3. Маалыматтарды мектептин администрациясына берүү зарыл.
4. Жеке маалыматтарды берип жатканы боюнча келишимге кол коюу керек.
5. Өспүрүм тууралуу маалымат мектептердин маалымат базасында сакталат.
Эске салсак, Бишкектеги коомдук транспортто электрондук билет системасын ишке киргизүү боюнча тендерди Швейцариянын BPC компаниясы утуп алган. Электрондук билеттер кыргыз тилинде да болот. Мүмкүнчүлүгү чектелген жана пенсионерлер болсо акысыз жол жүрүшѳт.
Добавить комментарий ×