Бишкектен эми Тегеранга түз учса болот
Тегеран – Душанбе – Бишкек – Тегеран багыты боюнча каттам 3-февралдан тарта иштей баштады. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев Кыргызстан үчүн Бишкек – Тегеран каттамынын маанилүүлүгүн белгиледи.
“Бешинчи деңгээлдеги аба эркиндиги саясатын ишке ашыруу боюнча жасалган аракеттердин алкагында жаңы эл аралык каттам Азия жана Перс кысыгындагы мамлекеттердин жарандары үчүн транзит мүмкүнчүлүгүн түзөт”, — деди ал.
Ирандын Varesh Airlines жумасына бир жолу — ар дүйшөмбү күнү аталган каттам боюнча учуп турат. Жүргүнчүлөрдү Боинг 737-300 үлгүсүндөгү учак ташыйт. Бишкектен Тегеранга чейин 2 саат 35 мүнөт болот.
Бир тарапка билеттин орточо баасы 250 долларды түзөт. Ал эми барып-келгенге билет алса 500 долларга айланат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekten-emi-dushanbe-menen-tegeranga-uchsa-bolot
Добавить комментарий ×