Бишкектеги жарылуудан жабыркаган аял оор абалда

3 июнь 2019 15:22 1783 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте бүгүн болгон жарылуу учурунда бир аял экинчи даражадагы күйүк менен жабыркады. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына тез жардам станциясынын дарыгери кабарлады.

«Жардыруудан төрт адам жабыркады. Алардын экөө аял, экөө эркек. Аял 2-3 даражадагы күйүк менен жабыркап, оор абалда жатат. Калган үчөөнүн баш сөөгү жабыркаган,буттары сынган. Баары шок абалында болгон. Бирок эсин жоготкон эмес», - деп маалымдашты тез жардамдын дарыгерлери.

Үч адам жараттары менен улуттук госпиталга, күйгөн аял 4-шаардык ооруканага жаткырылды.   

Болжолдуу маалыматтарга караганда ысык суу келген бак жарылганын «Кыргызтемиржолу» ишканасынын кызматкерлери билдиришкен. Жарылуунун себебин аныктоого атайын комиссия түзүлдү.

Эске сала кетсек, бүгүн, 3-июнда Бишкекте Лев Толстой жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жолдо Бишкек Жылуулук электр борборунан келген түтүк туташкан 40 тонналык бак жарылган.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-zharyluudan-zhabyrkagan-ayal-oor-abalda



Добавить комментарий