Бишкектеги түнкү стационарлардын иш убактысы өзгөрдү

16 июля 2020 16:39 850 Barometr
Поделиться в:
ok

Дагы бир күндүзгү стационар ачылып, түнкү стационарлардын иштөө убактысы өзгөрдү. Бул тууралуу шаардык мэрияга шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Курч респиратордук вирустук инфекциясынын жеңил түрү менен ооругандар ийне, тамчылартып дары куюу же медициналык кеңеш үчүн саат 8:00дөн 20:00гө чейин күндүзгү стационарларга кайрылса болот.

Оор абалдагы жарандарга тез медициналык жардам көрсөтүү үчүн түнкү стационарлар эми кечки саат 20:00дөн эртең мененки саат 8:00гө чейин иштейт.

“Бишкек шаардык кеңешинин колдоосу менен Ленин районунун «Жал» кичи районундагы №95 мектепте дагы кошумча стационар ачылды. Стационар 37 орунга ылайыкташтырылган. Октябрь районунун Кара-Жыгач жаңы конушундагы «Салтанат» ресторанына 50 орунга ылайыкташтырылган күндүзгү стационар ачуу пландалууда», - деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан борбор калаада 13 күндүзгү стационар (908 орун) жана 2 түнкү стационар (220 орун) иштеп жатат.

Бүгүн,16-июлга карата күндүзгү стационарга 35 миң 930 адам кайрылган, анын ичинен 26 миң 569 адам ийне, тамчылатып дары алса, 9 миң 147 адамга медициналык кеңеш берилди. Тилекке каршы 9 адам көз жумду.

Эки түндүн ичинде түнкү стационарлар 683 адамды кабыл алды. 282 адам инфузия терапиясын, 397 адам медициналык кеңеш алып, 2 адам ооруканага жаткырылды. Ошондой эле, 2 адам каза болду.

Аталган стационарларда дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштеп жатышат. Бардык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары, убактылуу турак-жай, тамак-аш менен камсыз кылынды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-tnk-stacionarlardyn-ish-ubaktysy-zgrd



Добавить комментарий