Бишкектеги "Нават" кафесиндеги өрттөн бир киши жабыркады. Өрт толук өчтү. Сүрөт-видео
Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндөгү "Нават" кафесинде чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу "Барометр" сайтынын кабарчысы жеринен билдирди.
Кырсык болгон жерге келген өрт өчүрүүчү, майор Темирбек Дүйшенбиевдин айтымында, өрт саат 12:15те чектөөгө алынып, 12:22де толугу менен өчүрүлгөн.
Тилсиз жоо 70 чарчы метр жерге жайылган.
Кабарчыбыздын маалыматы боюнча өрт кафенин ашканасында гана болгон. Андан сырткары эс алуу жайдын бир кызматкери жабыркаган.
ӨКМдин маалымат кызматынын берген маалыматы боюнча өрт тууралуу билдирүү саат 11:52де түшкөн.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-navat-kafesinde-chykkan-rt-chrld-es-aluu-zhajdyn-emnesi-zhabyrkady
Добавить комментарий ×