Бишкектеги квартирада 85 жаштагы аялдын сөөгү табылды
Поделиться в:
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 27-июлда Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин каалгасын ачып кирип, квартирадан улгайган аялдын сөөгүн табышты.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” билдирет.
Каза тапкан аялдын өздүгү такталды, ал 1936-жылы туулган М.В.,экени аныкталды.
Куткаруучулар аялдын сөөгүн милицияга өткөрүп беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-kvartirada-85-zhashtagy-ayaldyn-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×