Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 56 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды
Бишкекте эшиги жабылып калган көп кабаттуу үйлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, 26-ноябрь күнү саат 12:33тө ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары 7-кичи райондогу №5-үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирди ачкан учурда анын ичинен 1962-жылы туулган А.А. аттуу жарандын жансыз денеси табылган.
Адамдын жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Ал эми ИИМдин берген маалыматына ылайык, куткаруучуларды коңшу батирде жашаган адамдар чакырышкан. Анткени жансыз дене табылган батирден жагымсыз жыт чыга баштаган. Денеге жүргүзүлгөн алгачкы кароодо ага эч кандай күч колдонуу болбогону аныкталган.
Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатат.
Добавить комментарий ×