Бишкектеги кафелердин биринде УКМКнын мас кызматкери тапанча менен элди коркутканы видеого түшүп калды
Бишкек шаарындагы Live Bar кафесинин алдында бир жаран тапанча менен элди коркуткан. Аны УКМК кызматкери деген маалымат тарады. Бул көрүнүштүн тасмасы Instagram социалдык баракчасына жарыяланган.
Бул маалыматты жайгаштырган адамдын маалыматы боюнча, ал жаран УКМК кызматкери деп айтылат.
Милиция кызматкерлери болгон окуя боюнча жарандын өздүгүн тактап жатат. Ошондой эле бул жаран алардын кесиптеши экендиги да аныкталып жаткандыгын кошумчалашты.
Бул маалымат боюнча ШИИБ жарандын ким экени такталып жаткандыгын билдирип, текшерүү иштери башталганын кошумчалады.
Аталган маалымат боюнча УКМК дагы изилдөө жүргүзүп жатат. Эгерде чын эле УКМК кызматкери экени аныкталса тиешелүү чара көрүлүп, кызматынан кетиши мүмкүн экенин айтат мекеменин маалымат катчычы Рахат Сулайманов.
Добавить комментарий ×