Бишкектеги эшиги бекилип калган батирде 2 жашар кыз жалгыз калып калган

26 мая 2021 12:56 3541 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Бишкектеги батирлердин биринини эшиги бекилип, ичинде 2 жашар кыз жалгыз калып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматта айтылгандай, ӨКМ куткаруучуларына Скрябин көчөсүндө жайгашкан  үйлөрдүн батирлеринин биринде бекилип калган эшик тууралуу маалымат келип түшкөн. Анда батирдин ичинде 2 жашар бала жалгыз калып калганы белгилүү болгон.

Куткаруучулар эшикти атайын шаймандардын жардамы менен ачып, уктап жаткан баланы апасына өткөрүп беришкен. Бала медициналык жана психологиялык жардамга муктаж болгон эмес.

Эскерте кетсек, эшик ачууга Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-eshigi-bekilip-kalgan-batirde-2-zhashar-kyz-zhalgyz-kalyp-kalgan



Добавить комментарий