Бишкектеги бизнесмендерди тоноп, акча алып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү кармалды
Бишкектеги бизнесмендерди тоноп, акча алып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кыматы barometr.kg сайтына билдиришти.
Маалыматта жазылгандай, криминалдык милиция кызматынын кызматкерлерине 2017-жылы сентябрь айында азият улутундагы 25-35 жаштардагы жети белгисиз адамдар өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары тааныштырышып, ишкерди автоунаага күч колдонуп отургузушуп, Ала-Арча капчыгайына алып барышып, опузалап акча талап кылышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аныкталгандай, кылмышкерлер шаар тургунунан 160 миң АКШ долларын талап кылышып, өзүн барымтага алышып, өлтүрөбүз деп коркутушуп, сабашып, туугандарына байланышып бир нече убакыттын ичинде сураган акча каражатын таап берүүлөрүн талап кылышкан.Бул иш боюнча иликтөө жүрүп, шектүү катары беш адам кармалган. Андан сырткары ушул кылмыштуу топтун катарында, ИИМдин каттоосунда турган Чүй облусунун 1983-жылы туулган А.А. аттуу жашоочусу Бишкек шаарынын кичирайондорунун биринде жашырынып жүргөн жеринен кармалды.
Учурда кылмышкерлер убактылуу камоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.
Добавить комментарий ×