Бишкектеги башаламандыктан жаракат алып, ооруканага 686 адам кайрылган
Ыкчам маалыматтарга ылайык, 6-октябрда саат 15: 00гө карата Бишкектеги башаламандыктардан жабыркаган жалпы 686 адам ооруканаларга жардам сурап кайрылышкан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.
Анын айтымында, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин 521 жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жиберилген. Ар кандай жаракаттарды алган 164 жабырлануучу ооруканага жаткырылды, алардын жетөө реанимацияда, 2001-жылы туулган бир адам каза болду.
Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору жалпысынан 313 жабырлануучуну кабыл алды, анын 75и ооруканага жаткырылды, үчөө реанимацияда.
Улуттук госпиталга 215 адам кайрылып, анын 58и ооруканага жаткырылса, төртөө реанимацияда.
No1 шаардык клиникалык оорукана 30 жаракат алган адам келип түшсө, алардын жетөө ооруканага жаткырылды.
Чүй облустук ооруканасына 113 адам кайрылып, анын 102си амбулатордук дарыланууга жиберилген, 11и ооруканага жаткырылган.
Улуттук хирургиялык борборго 15 бейтап түшкөн, алардын экөө амбулатордук, 13ү ооруканага жаткырылган.
Буга чейин, 5-октябрда Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон митингдер болуп, жыйынтыгында Ак үй түн ичинде басылып алынган.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-bashalamandyktan-zharakat-alyp-oorukanaga-686-adam-kajrylgan
Добавить комментарий ×