Бишкекте 10 миң доллар акча каражатын уурдаган кылмышкер калмалды (Сүрөт)

17 июля 2020 17:15 2633 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте акча алмаштыруу бюросунун кызматкерин сабап, андагы 10 миң доллардай каражатты уурдап кеткен кылмышкер калмалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Окуя 11-июлда болжол менен саат 13:00до Бишкек шаарында катталган. Анда 1967-жылы туулган Р. Н. аттуу жаран Октябрь РИИБге арыз менен кайрылып, анын акча алмаштыруу бюросунун кызматкерине карата электрошокер пайдаланып, физикалык күч колдонуп, кассага кирип, 10 000 АКШ долларына жакын акча каражатып уурдап кетти деп арыз жазган.

Кылмышкер болжол менен 30-35 жаштардагы азият түспөлүндөгү адам деп сурөттөлөт.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан КРнын Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.

«Алдын ала болжолдуу жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү М.Б. бир нече жолу акча алмаштыруу бюросуна акчаны алмаштырган кардар катары кирип, акыркысында жүрөгү ооруган адамдын ролун аткарып, эшиктин алдындагы отургучта отуруп турууну суранган. Кызматкер шектүүнү көчөгө чыгууга жардам берген. Ошол учурда кызматкер кайра акча алмаштыруучу бюрого кирип бара жатканда шектүү моюн тарапка электрошокер менен сокку уруп, сабап, андан соң темир кутудагы 10 000 долларына жакын акча каражатын алып, изин жашырып белгисиз тарапка качып кеткен», - деп айтылат маалыматта.

ИИМдин жана Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүү катары Чүй облусунун 1993-жылы туулган жашоочусу кармалды.

Учурда ал камакка алынып, тергөө иши жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-akcha-almashtyruu-byurosundagy-kylmyshka-shekt-karmaldy



Добавить комментарий