Бишкектеги абал. Элдик кошуундун жардамы менен эртең менен кырдаал көзөмөлдө

7 октября 2020 09:14 1169 Barometr
Поделиться в:
ok

Шаардагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Бишкек координациялык кеңеши абал турукташкандыгын маалымдайт.

Эртең мененкиге чейин шаарда бардыгы тынч, демилгечи топтордун, жарандык активисттердин, жаштар уюмдарынын жана волонтерлордун жардамы менен борбор калаанын көчөлөрүн кайтарууга жана Бишкекти мародерлордон коргоого чыгышкан.

«Коомдук мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу жана талап-тоноочулуктун алдын алуу максатында биз шаарды кыдырдык. Учурда ыктыярдуу элдик күзөтчүлөрдү уюштурган жарандык активисттер Болот Ибрагимов, Тилек Усупов жана башкалар баш калааны мародерлордон коргоо максатында биригип иш алып барып жатышат ”, - деп белгилешти кеңештен.

Учурда күзөтчүлөр негизги көчөлөрдү курчоого алышып, коомдук тартипти камсыз кылышууда. Алар палдаштырылган тартипте иштешет. Күзөтчүлөр мамлекеттик номурларды алып салган бардык айдоочуларга кайрылышты. Алар айдоочуларды кайрадан унааларына номурларын орнотуп, жол эрежесин бузбоого, чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.

Кечээ кечинде толгон-токой жаштар кеңселерди, кафе-ресторандарды талкалашты. Элдик кошуун талап-тоноо аракеттерине туруштук берип, шаарды өз көзөмөлүндө сактап турушкан.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-abal-eldik-koshuundun-zhardamy-menen-erte-menen-kyrdaal-kzmld



Добавить комментарий