Бишкектеги абал. 8-октябрга караган түн тынч өттү

8 октября 2020 08:50 836 Barometr
Поделиться в:
ok

Борбор калаабыз Бишкекте экинчи түнү элдик кошуун талап-тоноочулукту болтурбоо үчүн кызмат өтөп жатышат элдик кошуундун  өкүлдөрү борбор шаардагы муниципалдык жана мамлекеттик ишканаларды, кафе-ресторан, соода борборлорун кайтарууда.

Элдин коопсуздугун баарынан жогору коюп, кызмат өтөп жаткан элдик кошуундун эмгегинин артында бул түн тынч өттү.

Жаш активисттер баштаган ыктыярдуу топ мамлекеттик номуру жок машинелерди текшерип өткөрүп жатышат.

Өкмөт үйүн ушул түнү жүздөгөн ыктыярчылар кайтарганы маалым болду. Кайтарууга алынган объектилердин арасында КТРК, өкмөт үйү, мамлекеттик резиденция, Башкы прокуратура, мейманкана, ири соода борборлор жана башка жайлар бар.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери митингке чыгышкан. Мөөнөтсүз митинг баш аламандык менен коштолуп, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Бир топ саясатчылар абактан бошотулган.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-abal-8-oktyabrga-karagan-tn-tynch-tt



Добавить комментарий