Бишкектеги №8 бейтапканада ийне сайдырган кыз каза болду

6 октября 2018 09:38 1846 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги №8 бейтапканада ийне сайдырган 16 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, каргашалуу окуя 1-сентябрда болгон. Окуучу кыз дарыланып жаткан, үчүнчү күнү ийне сайгандан кийин 20 мүнөттөн соң каза болуп калган.

Бул окуя Свердлов РИИБинде каттоого алынып, бардык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки иштер аткарылууда. Толук маалымат тергөө иштеринен кийин белгилүү болот.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-8-bejtapkanada-ijne-sajdyrgan-kyz-kaza-boldu



Добавить комментарий