Бишкекте журналистке болгон кол салуу фактысын тергөөнү ИИМ жеке көзөмөлүнө алды
Factcheck.kg интернет сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу фактысын териштирүүнү ИИМ жетекчилиги өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
9-январда саат 12:45, 102 маалымат борборуна Эркиндик жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен Factcheck.kg интернет сайтынын башкы редактору Болот Темировго белгисиз жарандар кол салып, сабап телефонун алып качып кетишкен.
Аталган кылмыштын бетин ачып, күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн Бишкек шаардык ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө чаралары жүргүзүлүүдө.
"Factcheck.kg интернет сайтынын башкы редактору Болот Темировго карата жасалган кылмыштын бетин ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш иш чаралары ИИМ жетекчилигинин көзөмөлүндө жана тиешелүү кызматтарга кылмыш бетин ачуу багытында тапшырмалар берилгендигин баса белгилейбиз", — деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhurnalistke-bolgon-kol-saluu-faktysyn-tergn-iim-zheke-kzmln-aldy
Добавить комментарий ×