Бишкекте жоогазындардын бардыгы түркүн түстө гүлдөдү

14 апреля 2021 15:48 1581 Barometr
Поделиться в:
ok

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын эмгекчил кызматкерлери тарабынан былтыр күзүндө отургузулган жоогазындар борбор калаадагы гүлзарларга гүлдөй баштады. 

Бул тууралуу Бишкек мериясынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Жазгы гүлдөрдүн түрлөрү шаардыктарды түстөрү жана сорттору менен кубандырат. Жалпысынан быйыл борбор калаанын гүлзарларында 130 миң жоогазын гүлү пайда болду.

Эске салсак, былтыр жазында шаардыктар жоогазындардын ачылышын онлайн режиминде көрүүгө аргасыз болушкан. Бактыга жараша, быйыл биз бардык санитардык эрежелерди сактоо менен, сулуулуктан толук ырахат алабыз.

Белгилей кетсек, жоогазындар гүлдөп бүткөндөн кийин, түбү кылдаттык менен казылып, кургатылып, кийинки күздө кайрадан отургузулат",- деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhoogazyndardyn-bardygy-trkn-tst-gldd



Добавить комментарий