Бишкекте жолдор оңдолот

13 декабря 2019 12:04 2277 Barometr
Поделиться в:
ok

Транспорт жана жол министрлигинин дарегине такай сын пикирлер айтылып келет, кетирилген мүчүлүштүктөрдү оңдоп, өлкөнүн жол тармагын оңдоо, алынган насыя каражаттарын өз багытында жумшоо жана сарамжалдуу пайдалануу, коррупциялык жосундарды доюу жаатында кандай чаралар көрүлүп жатат, деги бул багытта жылыштар барбы? Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов жолдорду куруу жана калыбына келтирүү үчүн алынган насыялардын жана чет өлкөлүк жардамдардын натыйжалуулугу жөнүндө маалымат угулуп жатканда ушундай собол салды. Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов жол тармагынын ишин жакшыртуу, анын ичинде жолдорду калыбына келтирүү, оңдоп-түзөө, жаңы жолдорду куруу жаатында бир топ алгылыктуу чаралар иштелип чыгып, бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын айтты. «Азыр Азия өнүктүрүү банкынын ГРИП директору алмаштырылып, долбоорлорду өткөрүүнүн жаңы тартиби киргизилүүдө. Ушул жылы алгач ирет бюджеттик каржылоо эрежелеринин сакталышына көзөмөл кыла турган көзкарандысыз техникалык консультанттарды жалдадык», - деди ал. Депутат жол курулгандан кийин көп өтпөй эле аларды кайрадан оңдоп-түзөөгө туура келип жатканын, ошондуктан жолдун сапатына өзгөчө көңүл буруу, жол кура турган компанияларды жалаң четтен жалдай бербей, министрликке караштуу Жол чарба департаменти сындуу ири ишканаларды да колдоно билүү зарылдыгын белгиледи.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zholdor-odolot



Добавить комментарий