Бишкекте жол тандабас аялды сүзүп, ал каза болду

4 сентября 2018 19:05 1455 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте жол тандабас белгисиз аялды сүзүп, ал окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. 

Маалым болгондой, жол кырсыгы кечээ, 3-сентябрда саат 22:20 чамасында болгон. Ахунбаев-Шүкүров көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз унаа болжол менен 50-55 жаштар чамасындагы аялды сүзүп, айдоочу  качып кеткен. Ал эми жабырлануучу аял ошол жерден каза болгон. Кырсык болгон жерге барган жол кыймылынын кызматкерлери Бишкек шаарына "Перехват" планын киргизип, жыйынтыгында Тойота Раннер үлгүсүндөгү унаа шаардын четиндеги көчөлөрдүн биринен табылган. Кармалган адам Чүй облусунун тургуну, ал унааны Бишкектеги көчөлөрдүн бирине таштап, өзү качып кеткен. Ал эми каза болгон аял Х.Н. Бишкек шаарынын тургуну, 2 баланын апасы болгон. Ошондой эле машинаны текшерүүгө алган учурда анын ичинен бир канча жасалма мамлекеттик номерлер табылган. Учурда айдоочу изделүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhol-tandabas-ayaldy-szp-al-kaza-boldu



Добавить комментарий