Бишкекте жол кырсыгынан улам унаа экиге бөлүнүп, эки адам окуя болгон жерден мерт кеткен
Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрга караган түнү таңкы саат 04:00 чамасында Бишкекте жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу маалыматты "Барометрге" күбөлөрдүн бири кабарлады. Ал эми бул маалыматты Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы ырастады.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы "Мадина" базары тактап айтканда 7-апрель көчөсүндө катталган. Mersedes-Bens үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган. Натыйжада унаа жолдон чыгып түркүккө барып урунган. Кырсык болгон жерде авто унаа экиге бөлүнүп кеткен, унаанын ичинде айдоочу жана 2 жүргүнчү болгон. Айдоочу менен жүргүнчүлөрдүн бири жайында мерт кетишкен. Ал эми экинчи жүргүнчү оор абалда ооруканага жеткирилген.
Каза болгон айдоочу 26 жашта, жүргүнчү 22 жашта болгон. Ал эми ооруканага жеткирилген экинчи жүргүнчү 1996-жылы туулган жаран экендиги маалым болду. Учурда ЖКККБнын кызматкерлери тергөө жүргүзүп жол кырсыктын себебин тактап жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhol-kyrsygynan-ulam-unaa-ekige-blnp-eki-adam-zherinen-mert-ketken
Добавить комментарий ×