Бишкекте маршруттук каттамда жол акыны 20 сомго чыгаруу сунушталууда
Бишкекте маршруттук айдоочулар жол акысын 20 сомго көтөрүүнү суранышууда. Бул тууралуу жүргүнчүлөрдү ташуучу ассоциациясынын башчысы Алтынбек Доспаев билдирди.
“Биздин эсептер менен тариф 18-20 сомдон ар бир адамдан алынышы керек. Ар бир айда 1 айдоочу 20 миң сомго чейин каражат коротот. Буга уруксат кагазын алуу, страховка, Соцфонд жана башка төлөмдөр кирет”, - дейт ал.
“Мисалы Орусияда, Казакстанда жол кире 30-50 рубль турат. Бирок ал жакта күйүүчү майдын (солярка) баасы бизге караганда арзан. Анткени ал ташылып келинет. Эгерде тамак-аштын баасы 5-10 сомго көтөрүлсө эч ким деле чуу чыгарбайт. Ал эми жол кире жөнүндө сөз болсо, кыйкырып чыгышат. Айдоочулар эмне кылыш керек? Унаанын тетиктери, оңдоо иштери, баары кымбаттап кеткен, солярканы эсепке албаганда. Ошол эле убакта айдоочу үй бүлөсүн багыш керек...” деп кошумчалады Доспаев.
Анын айтымында, Бишкек шаары боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалар кыскарып жатат. 5 миң маршруткадан 2 жарым миң калды. Эгерде жол кире көтөрүлбөсө же дагы эки жылга жылдырса калгандары да кетишет. Шаардын автобустары мындай агым менен иштеше албайт.
Алтынбек Доспаевтин оюу боюнча Бишкектеги автопаркты жеке ишкерлерге беришсе туура болмок. Эгерде ошондой болсо бир жылда 320 миллион сом үнөмдөп калмак. Ал акча транспортторду дотациялоого кетет.
“Эгер жол кире көтөрүлбөсө элди ташыганга эч ким чыкпайт. Бирок муниципалдык бийлик, шаардык кеңеш менен бул жөнүндө эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок”, - деп Алтынбек Доспаев сөзүн жыйынтыктайт.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhol-kire-ktrlb
Добавить комментарий ×