Бишкекте жерлерди мыйзамдаштырыш үчүн мобилдүү топтор түзүлөт
Поделиться в:
Бишкек мэриясы жаңы конуштарда жайгашкан жер участокторуна укуктук документтерин бериш үчүн мобилдүү топторду түзөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Мобилдүү топтор жеринде түз иш алып барат.
“Азыр “2012-жылдын 3-августуна чейин өз алдынча курулган жеке турак жайлардын жер участокторун мыйзамдаштыруу жөнүндө” КРнын мыйзамы коомдук талкууда турат. Ал ушул жылдын 29-ноябрында аяктайт”,-деп айтылат маалыматта.
Бишкек мэриясы жаңы конуштардын тургундарынан жер участокторун которууга керек болгон документтер менен таанышууну өтүнөт.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zherlerdi-myjzamdashtyrysh-chn-mobild-toptor-tzlt
Добавить комментарий ×