Нарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкекте жер титирегенин жазышууда.
Андан сырткары Facebook социалдык тармактарында жердин силкинүүсү Нарын облусунун Ат-Башы районунда да сезилгенин белгилешүүдө.
Ал эми дүйнөдөгү жер титирөөнүн мониторингин жасап туруучу Сейсмомониторинг сайты Кытайдын Шинжаң Уйгур автонономдуу облусунда күчү магнитудасы 5,6 балл болгон жер титирөө Бишкек убактысы боюнча 19:27де катталганын маалымдады.
Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 19:27де Кытайдын аймагында очогунда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунда 3 балл, Нарын шаарында 2,5 балл жана Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zher-titiregenin-socialdyk-tarmaktarda-zhazyshuuda
Добавить комментарий ×