Бишкекте жеңил унаа жолдон чыгып, Cosmopark имаратын барып сүздү

9 март 2020 11:42 732 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа Cosmopark имаратын барып сүздү. Бул тууралуу күбө билдирип, сүрөт, видеолорду соцтармакка жарыялады.

Кайгуул милициясынын маалыматы боюнча жол кырсыгы эртең менен саат 6:30дар чамасында Юнусалиев көчөсүндө болгон.

Машинанын 27 жаштагы Н.Т. аттуу жаран айдап баратып, рулду башкара албай калган. Анын кесепетинен автоунаа жолдон чыгып, көңүл ачуусу жайдын алдына чейин келип токтоп, отургучтарды сүрүп кеткен.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zheil-unaa-zholdon-chygyp-cosmopark-imaratyn-baryp-szd



Добавить комментарий