Бишкекте жаңы эки оорукана ачылды (сүрөт)

13 ноября 2020 15:28 1145 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда диагностикалык бөлүм жана органдарды трансплантациялоочу гематология бөлүмүнөн турган эки имараттын ачылышы болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 13-ноябрда, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (Жал, Ахунбаев көч., 190) эки жаңы имараттын ачылыш аземи болду. Жалпы аянты 3 500 чарчы метрди түзгөн клиникалык диагностикалык бөлүм жана органдарды трансплантациялоочу гематология бөлүмү.

Жаңы имараттардын курулушу 2019-жылдын август айында башталып, толугу менен «Центр Ас-Сафа» коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган, анын ичинде долбоордук-сметалык документтер, медициналык жана медициналык эмес жабдуулардын жалпы суммасы 198 800 000 сомду түзгөн.

Органдарды трансплантациялоо менен балдардын гематология бөлүмүнүн биринчи үч кабаттуу имаратында: операция бөлүмү, реанимация бөлүмү, 40 орундуу стационардык керебеттер жана 8 орундуу реанимация бөлүмдөрү, бөйрөктүн курч жетишсиздиги менен ооругандар үчүн - 3 орундуу гемодиализ бөлүмү жайгашкан.

Клиникалык диагностика бөлүмүндө консультативдик-диагностикалык бөлүм жана керектүү медициналык шаймандар менен жабдылган лаборатория жайгашкан. Эки имаратта тең лифттер орнотулган.

Мындан тышкары, 4 кабаттан турган жалпы аянты 4500 чарчы метрди түзгөн балдардын онкогематологиялык имаратынын курулушуна капсула салуу пландаштырылууда. Бул курулушту дагы “Центр Ас-Сафа” коомдук бирикмеси каржылайт.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhay-eki-oorukana-achyldy



Добавить комментарий