Бишкекте жаңы автобустар каттамга чыкты, бир апта элди бекер ташыйт

22 июня 2021 16:55 7683 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 22-июнда Бишкекте 50 жаңы автобус каттамга чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Автобустардын узундугу 6,9 метр, эки эшиктүү, 16 орундуу жана сыйымдуулугу 38 киши.

 Өзбекстандан келген автобусар төмөнкү каттамдарда жүрөт:

  • №10 маршрут Ак-Ордо — айланма;
  • №11 маршрут Ак-Ордо – айланма;
  • №12 маршрут Маевка айылы – Көк-Жар айылы;
  • №13 маршрут Муромская көчөсү – Кырман конушу;
  • №14 маршрут №12 кичи район – Ак-Ордо конушу.

Аталган маршруттагы автобустар жуманын ичинде жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт. Бул акция борбор калаанын жарандарына жана конокторуна белек болду.

Бул автобустар дизелдик отун менен иштегендиктен, тезирээк пайдаланууга берилди, калган автобустар жеткирилгенден кийин алардын ордун газ менен жүрүүчү автобустар алмаштырат.

Газ менен жүрүүчү автобустардын биринчи партиясы борборго 2021-жылдын 1-июлуна чейин келет, калган автобустарды жеткирүү 2021-жылдын октябрь айына чейин пландаштырылган.

Жалпысынан Бишкек жогоруда аталган компаниядан газ менен жүрүүчү 350 автобус күтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhay-avtobustar-kattamga-chykty-bir-apta-eldi-beker-tashyjt



Добавить комментарий