Бишкекте жаш режиссерлор кинофестивалы старт алды
Бүгүн 14-ноябрда Бишкекте балдар жана өспүрүмдөрдүн төртүнчү республикалык “Карек” кинофестивалы ачылат.
Быйылкы жылы жалпысынан 56 кыска метраждуу тасма сынакка катышкан. Анын 25 тамасы тандалган. Тасмаларды ѳлкѳ аймагынан 10-17 жаштагы жаш режиссёрлор тарткан. Бул тууралуу “Карек” фондунан маалымдады.
Ал эми жеңүүчүлөр 15-ноябрда “Манас” кинотеатрынын алдында кызыл килемден атактуу киночулар менен бирге өтүп, сыйлык тапшыруу аземине катышат.
Быйылкы сынакты БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) «Балдар укуктары жөнүндө конвенцияга» арналган атайын “Тумар” сыйлыгы белгиленген.
Фестивалдын уюштуруучулары – Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Кинематографисттер союзу, ЮНИСЕФ, “Кристенсен” жана “Айтыш” фонддору.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhash-rezhisserlor-kinofestivaly-start-aldy
Добавить комментарий ×