Бишкекте өзгөчө абал киргинден бери 45 жол кырсыгы катталды
Поделиться в:
Бишкек шаарына өзгөчө абал жарыяланып, карантин режими киргизилгенден бери 45 жол кырсыгы катталганын борбор калаанын коменданты Алмаз Орозалиев маалымат жыйында билдирди.
“Бишкекте ӨА киргизилгенден бери 25-марттан 22-апрелге чейин 45 жол кырсыгы катталып, 60 адам жаракат алган”, - деди ал.
Анын айтымында, бул мезгилде 1299 кылмыш иши катталып,алардын ичинен 1180 иштин бети ачылды.
Эске салсак, Бишкек шаарына 25-марттан тарта өзгөчө абал киргизилип, ал 30-апрелге чейин созулат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zgch-abal-kirginden-beri-45-zhol-kyrsygy-kattaldy
Добавить комментарий ×