Бишкекте Яндекс Go ардагерлерди бекер ташыйт

8 сентября 2020 13:08 708 Barometr
Поделиться в:
ok

Яндекс Go эми ардагерлерди жана жардамга муктаж адамдарды акысыз ташыйт. Бул тууралуу Яндекс такси пресс кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бишкекте Яндекс Go (мурдагы Яндекс.Такси) «Жеңиш ыктыярчылары» коомдук кыймылынын «Муундар байланышы» долбооруна кошулду. Долбоордун алкагында ардагерлерге зарыл жардам көрсөтүлөт: транспорт чакырып берүү, азык-түлүк жана дары-дармектерди жеткирип берүү. Эми долбоордун координаторлору ардагерлерди медициналык текшерүүлөргө жеткирип туруу үчүн колдонмо аркылуу унааларга акысыз буйрутма беришет. 

Мындан тышкары, Бишкекте социалдык бөлүмдөрүнө барууга муктаж болгондорго да жардам көрсөтүлөт. Аз камсыз болгон жарандар ал жерде дары-дармек, кийим-кечек, азык-түлүк топтомдорун ала алышат, ошондой эле дарыгерлердин консультациясынан өтө алышат.

«Биз Бишкекте маанилүү долбоорлорду ишке ашырып жатабыз: ардагерлерге кам көрөбүз. Яндекс Go биздин демилгени колдоп, ардагерлер жана жардамга муктаж адамдардын жолдо жүрүшүн мобилдүүрөөк кылуу максатында жардам бергени үчүн компанияга абдан ыраазыбыз», – деп белгиледи кыймылдын кыргызстандагы өкүлү Анастасия Шевченко.

Сапар акыларына кеткен бардык чыгымдардын ордун сервис толтуруп берет, ал эми жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар буйрутмалардын акысын толук өчлөмдө алышат. Кызматташтыктын алкагында 370 акысыз сапар берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-yandeks-go-ardagerlerdi-beker-tashyjt



Добавить комментарий